27.01.2020 12:10

Кытайдагы кооптуу дарттын очогу Ухан шаарында 15 кыргызстандык бар

Кытайдагы кооптуу дарттын очогу Ухан шаарында 15 кыргызстандык бар

Кытайдын коронавирус чыккан Ухан шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн 27-январдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган шаарда жалпы жонунан 50 кыргызстандык болгон.

Каникулга байланыштуу алардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишкен же Кытайдын башка шаарларына чыгып кетишкен.

Министрлик азыркы тапта Уханда жашап жаткан кыргызстандыктар менен тез-тез байланышууда.

Кытай бийлиги Ухандагы чет өлкөлүк жарандарды кантип алып чыгып кетүү боюнча чечим кабыл ала элек. Азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрүнүн Уханда жашап жаткан жарандарын алып кетүү иштери каралууда. Биздин жарандарыбыздын ичинде коронавируска чалдыккандар жок, - дейт Ниязалиев.

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөндөрдүн саны 80ге жетти. Бул оору 2,5 миңдей адамга жугуп, айрымдарынын абалы оор.