28.01.2020 17:09

Кытайдагы кооптуу вирус: Казакстанда дартты жугузду деген шек менен төрт киши ооруканада

Кытайдагы кооптуу вирус: Казакстанда дартты жугузду деген шек менен төрт киши  ооруканада

Казакстанда төрт киши дене табы көтөрүлүп, ооруканада жатышат. Баары тең Кытайдан келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, акыркы күндөрү Кытайдан Казакстанга келген 23 кишинин дене табы жогору экени аныкталып, 4 адам ар кандай вирустук инфекция жугузуп алган деген шек менен ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов тастыктады.

Белгилей кетсек, бейтаптардын так анализи үч күндүн ичинде белгилүү болоору айтылууда.

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кытайдын алгач ирет жаңы коронавирус катталган Ухань шаарындагы 98 казак студентти чыгарып кетүү боюнча расмий Бээжин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

Бул арада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы эки аптада Кытайдан келген жарандарга бейтапканаларга барып, текшерилүүнү сунуш кылып жатат.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө өпкөнү сезгенткен коронавирустан 106 киши көз жумду. Инфекцияны жугузуп алгандардын саны 4500 кишиден ашты.