24.01.2020 09:00

Кытайдагы кооптуу вирус: Кыргызстанга кире турчу эт азыктарына чектөө киргизилди

Кытайдагы кооптуу вирус: Кыргызстанга кире турчу эт азыктарына чектөө киргизилди

Кыргызстан Кытайдан келген эт жана эт азыктарына чектөө киргизди. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.

Маалыматка караганда, Кытайдын «Хенань» провинциясынан 2019-жылдын декабрь айында 48 тонна өрдөк эти алынып келинген. Ветеринардык текшерүүдөн кийин сатууга уруксат берилген.

«Хенань» провинциясы оору катталган «Хубэй» провинциясынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Өкмөт Кытайдан алып келинген эт боюнча социалдык тармакта туура эмес кабарларды таратып жаткандарды аныктоо үчүн Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине кат жөнөттү.