28.01.2020 16:02

Кытайдагы кооптуу вирус: Шек жараткан кыргыз жаранынан дарт аныкталган жок

Кытайдагы кооптуу вирус: Шек жараткан кыргыз жаранынан дарт аныкталган жок

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок. Ал эми шек жараткан жарандан ал дарт аныкталган жок. Бул тууралуу Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев билдирди.

Бүгүн, 28-январда жергиликтүү кеңештин жыйыны өттү. Анда маалым болгондой, коронавируска шектелген Бишкектин 28 жаштагы тургунунда мындай диагноз такталган жок.

Белгилүү болгондой, аталган жаран апасы менен Таиланддан эс алуудан кийин учуп келген.

“Дене табы көтөрүлүп турган экен. Учактан түшөр замат “Тез жардам” менен Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып келишти. Биз өзүбүздун атайын костюмдарды кийип, бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Диагноз такталган жок. Консилиум өткөрүп, бир саат ичинде диагнозду четке кагып, башка ооруканага жаткырдык”,-дейт Рыспек Сыдыгалиев.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 адам көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 28-январда Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтканын кабарлады. Алар 10-14 күн атайын изолятордо болот. Дарыгерлер кооптонууга негиз жок экенин айтууда.