24.01.2020 17:29

Кытайдагы кооптуу вирустан кеминде 25 кизи көз жумуп, 900гө жакын жаран жугузду

Кытайдагы кооптуу вирустан кеминде 25 кизи көз жумуп, 900гө жакын жаран жугузду

Өпкөнү сезгенткен жаңы вирустун жайылышын көзөмөлгө алыш үчүн Кытайдын Хубэй провинциясындагы кеминде 11 шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, Личуань, Чиби, Сяньтао сыяктуу шаарларда коомдук транспорттун каттамына чектөө киргизилди. Баш калаа Бээжинде Кытай Жаңы жылына карата бардык майрамдык иш-чаралар токтотулду.

Мурдараак, аталган вирустун очогу Ухань шаарында коомдук транспорт 23-январдын таңынан тартып токтотула баштаган. Бийлик бул шаардын тургундарын эл көп топтолгон жерлерге барбоого чакырып, беткап кийип жүрүүгө милдеттендиргени кабарланды.

Буга чейин адам организминде табылбаган «2019-nCoV» деген жаңы вирустан Кытайда бери дегенде 25 адам өлдү. Баш-аягы 830дөй киши жаңы вирусту жугузуп алганы ырасталды.

Бул вируска кабылгандар Жапонияда, Филиппинде, АКШда, Жапонияда, Түштүк Кореяда, Таиландда жана Сауд Арабиясында да катталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча эл аралык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыялоого эрте экенин билдирди.