29.01.2020 10:14

Кытайдагы коронавирус Казакстанга жеттиби? Өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин жообу

Кытайдагы коронавирус Казакстанга жеттиби? Өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин жообу

Казакстанда Кытайдан келген дагы беш киши вирустук инфекцияга шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.

Буга чейин ооруканага жаткырылган төрт кишинин экөөсү үйлөрүнө кое берилди. Жаңы эле курч респиратордук вирустук инфекция жуктуруп алган деген шек менен Алматыда бир адам, Акмоло облусунда төрт кишиден турган бир үй-бүлө ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар келди. Алар да буга чейин Кытайда болуп келишкен, - дейт Бекшин.

Ал ортодо Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кытайда коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу кытай жарандары үчүн 72 сааттык визасыз режим убактылуу токтотулганын билдирди. Мындан тышкары аэропорттордо бул өлкөнүн жарандарына электрондук виза берүүдө ден соолугу тууралуу маалымкат талап кылынууда.

ТИМдин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кытайда 1 300 казак жараны бар. Алардын жарымын Хайнань курортунда эс алып жүргөн туристтер түзөт.

28-январда Кыргызстанга Кытайдын Шинжаң аймагынан кайтып келген алты кыргызстандык студент изолятордо кеминде он күн кармала турган болду.