28.03.2020 17:30

Кытайдан келген гуманитардык жардам Бишкектеги медициналык клиникаларга таркатылды

Кытайдан келген гуманитардык жардам Бишкектеги медициналык клиникаларга таркатылды

Бүгүн, 28-мартта Саламаттык сактоо министрлиги КЭР берген гуманитардык жардамды Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктерине тапшырды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Гуманитардык жардамдын ичинде респиратордук беткаптар (1600 даана), бир жолку беткаптар (45 миң даана) жана коргоочу костюмдар (700 даана) каралган.
Калган каражаттар жакынкы убакытта республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-карантиндик постторго таратылат.

Эске салсак, 25-мартта Кытай биздин медиктерге 10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткап жана 1 миң жеке коргоо каражаттарын берген.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны – 58ге жетти. Ичинен Жала-Абадда – 27 учур. Ошто – 26. Бишкекте 4 киши жана Баткенде бир учур катталган.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.