13.02.2020 16:29

Кытайдан Кыргызстанга дагы 40 студент кайтып келди

Кытайдан Кыргызстанга дагы 40 студент кайтып келди

Кытайдан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары учуп келди. Бул тууралуу казак ЖМКлары маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Пекинден 211 адам келди. Алардын 40ы кыргызстандыктар.

Кыргыз жарандары Бишкекке жеткирилгени айтылат.

Маалыматты Кыргызстандын чек ара кызматы бышыктады. Кыргыз жарандары Казакстандын жардамы менен "Бээжин-Алматы" авиакаттамында келип, Бишкекке жөнөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, коронавируска байланыштуу текшерүүлөрдөн өткөрүлүп, атайын жайларга карантинге алынган студенттердин абалы канааттандыраарлык.

​«Алар Кытай менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдардын токтотулушуна жана чек арадан өткөрүү пункттарынын жабылышына байланыштуу, мурда сатып алган авиабилеттери менен учуп келе албай, Үрүмчү шаарында жашап жатышкан», - деп маалымдады министрлик.

Карантин мезгилинде алар менен медицина кызматкерлери гана байланышта болот.

Буга чейин Казакстандын жардамы менен Ухань шаарындагы 19 кыргызстандык Бишкекке жеткирилген.

Учурда коронавирусту жуктургандардын саны 60 миң кишиге жетти.