10.04.2020 13:32

Кытайлык миллиардер жөнөткөн гуманитардык жардам Кыргызстанга келди

Кытайлык миллиардер жөнөткөн гуманитардык жардам Кыргызстанга келди

«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, эл аралык "Манас" аэропорту Кытай Эл Республикасынан чартердик жүк каттамы менен келген гуманитардык жүктү тосуп алышкан.

Гуманитардык жардамдар «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 298 кишиге жетти.  Ичинен 39у дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.