18.06.2019 10:28

Кызганычтан улам кылмышка барган. Тоң районунда жергиликтүү тургун өз аялын атып өлтүрдү

Кызганычтан улам кылмышка барган. Тоң районунда жергиликтүү тургун өз аялын атып өлтүрдү

Ысык-Көлдүн Тоң районунда жергиликтүү тургун өз аялын атып өлтүрдү. Бул тууралуу облустук ИИБ билдирди. 

Маалыматка караганда, 17-июнь күнү болжол менен саат 4.00 чамаларында Тоӊ райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына 16-июнь күнү Тоӊ районунун Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н., Көл-Төр айыл аймагына тиешелүү сырт өрөөнүнүн «Кара-Саз» тилкесинде мылтык менен атынып алып, каза болгондугу жөнүндө кабар түшкөн.

Аталган маалымат Тоӊ РИИБдүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, болгон окуянын жагдайларын аныктоо үчүн милициянын тергөө-ыкчам тобу жиберилген.

Окуя болгон жерде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну К.И., өзүнүн жубайы А.Н. менен элдин малын багып келүү үчүн жогорудагы жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөн.

16-июнь күнү кызганычтан улам жубайлардын ортосунда чыр-чатак чыгып, күйөөсү К.И. мыйзамсыз жана эч бир уруксат кагаздары жок сактап жүргөн сайсыз мылтыгы менен жубайын оӊ төшүнүн тушуна атып жиберген. Алган жаракатынан улам келин окуя болгон жерден каза болгон.

Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 130 (адам өлтүрүү) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка далил зат катары ок атуучу курал алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.