Кызыл-Кыяда кутурма оорусунан каза тапкан жаран дарыгерге өз убагында кайрылган эмес

Кызыл-Кыяда кутурма оорусунан каза тапкан жаран дарыгерге өз убагында кайрылган эмес

Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасында 1961-жылкы жаран гидрофобия оорусунан (кутурма) каза тапты. Бул туурасында April.kg порталына Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борбордун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 

Анын айтымында, 15-июлда 00:50дө Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Сулайманабад тилкесинин тургуну кайрылган. Ал өзүндө суудан, жарыктан коркуу, кооптонуу сезимдери пайда болгонун билдирген. Алынган анализдер кишинин кутурма оорусуна чалдыкканын көрсөткөн. 

«Көрсө, бир ай мурун тургун көчөдө жүргөн чоочун итти кубалаптыр. Ит тиштеп алган. Алган жаракаты катуу экенине карабай, ооруканага кайрылган эмес. Эгер өз убагында кайрылганда, биз дароо эмдөө жүргүзүп, аман алып калмакпыз», -дейт дарыгер. 

Жыйынтыгында, 16-июль күнү саат 20:00дө каза тапкан. Учурда шаардык мэрияда атайын комиссия түзүлүп, селсаяк иттерди атуу иш-чаралары жүрүп жатат.