10.10.2018 15:56

Кол күрөш боюнча кыргыз спортчулары Түркияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Кол күрөш боюнча кыргыз спортчулары Түркияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын армрестлинг боюнча спортчулары Түркияда өтө турган дүйнө чемпионатында күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Дүйнө чемпионаттыгына кыргыз курамасы ар кайсы жаш курак категориясында катышат. Мелдеш Түркиянын  Анталья шаарында 12-21-октябрда өтөт.  

Учурда спортмендер алдыдагы беттешке жигердүү даярданып жатышат. Курамга 31 спортсмен кирди. Алардын төртөө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын эсебинен жөнөтүлдү. Дирекциянын бюджетинен бул үчүн 203 миң сом каралган.