11.07.2018 14:05

Колбаса чыгаруучу завод Бишкек четиндеги көлмөлөрдү булгап жатат

Бишкек четиндеги Ленин айылындагы көлмөлөрдө балыктар кырылып калган. Жергиликтүү тургундар Аламүдүн суусуна колбаса чыгарган ишкана тараптан зыяндуу заттар төгүлгөнүн айтышууда. Учурда он бештен ашык көлмө булганып, суу жандыктары кырылып калган. Айылдыктар короосундагы бак-дарактарын сугара албай калганына нааразы болушууда.