23.04.2020 14:09

Комендант: Ооз ачырууга чакырып, ифтар өткөрүүгө болбойт

Комендант: Ооз ачырууга чакырып, ифтар өткөрүүгө болбойт

Бул жылы карантинге байланыштуу конок чакырып ооз ачырып, ифтар өткөрүүгө болбойт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал, бул жылы орозо 24-апрелде башталарын, ал өлкөдө өзгөчө абал киргизилген учурга туш келгенин айтып, мындан улам жарандар үйдө болуусу керектигин билдирди.

«Бул оор күндөрдө Орозо айында сабырдуу, боорукер болушубуз зарыл. Өз ачуу – Орозо айындагы соопчулук иштердин бири. Карантинге чейин оз ачуу үйдө, кафелерде, ошондой эле мечиттерде өткөрүлүп келген. Бирок бул жылы коопсуздук эрежелерине байланыштуу ооз ачууну үйгө чакырып, кафе, мечит же башка жерлерде өткөрүүгө болбойт», — дейт комендант.

Бүгүн, 23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учур катталды. Жалпысынан коронавируска чалдыккандардын саны 631 кишиге жетти. Ичинен республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 162 медициналык кызматкерлер ооруп калышты.  

302 бейтап ыйыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран илдеттен көз жумган.

Учурда стационарда – 321, алардын ичинен 5 адам реанимацияда жатканы кабарланат.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.