27.04.2020 11:47

Комендант: Жеңиш биздики, бирок кайдыгерлик кылууга болбойт

Комендант: Жеңиш биздики, бирок кайдыгерлик кылууга болбойт

Коронавирус менен болгон күрөштө биздин жеңишибизге аз калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Бүгүнкү күндү жакшы кабар менен баштагым келип турат. Дарыгерлердин айтымында, Кыргызстан боюнча ооругандарга караганда айыккандардын саны бир топ өсө баштады. Мындан улам баарыбыздын, дарыгерлердин, милиция жана социалдык кызматкерлердин бул илдетке каршы бекем туруп, жасаган иш-аракеттери текке кеткен жок. Биздин жеңишибизге аз калды. Бирок азыркы тапта утуш биздики деп кайдыгерлик кылганга болбойт», — деди комендант.

Ошол эле учурда, ал себепсиз сыртка чыкпай, санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.

Бүгүн, 27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 695 кишиге жетти. Ичинен 183ү медицина кызматкерлери. Бейтапканада 292 киши дарыланууда. Ичинен 7 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Оорудан 395 жаран сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.