03.05.2020 11:06

Коменданттык саат: 110 жаран тартип бузуп, милициянын колуна түштү

Коменданттык саат: 110 жаран тартип бузуп, милициянын колуна түштү

Коменданттык сааттын шартын бузган 110 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары – 92, Ош шаары – 9, Жалал-Абад шаары –3, Ат-Башы району – 6 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмтөрүнө жеткирилген.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4165 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу чечими кабылданган.