31.03.2020 09:00

Коменданттык саат: Бүгүн түнү тартип бузгандар көп катталды. Жалпысынан 137 киши

Коменданттык саат: Бүгүн түнү тартип бузгандар көп катталды. Жалпысынан 137 киши

Комендаттык саат учурунда тартип бузгандардын 137 кишиге жетти. Арасында өспүрүм балдар дагы бар. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

“Өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 137 тартип бузган жаран кармалды. Алар 18 аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган”, - деп билдирет Бишкек ш. коменданты Алмазбек Орозалиев.

Белгилей кетсек, 18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын учөө сакайып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.