24.04.2020 09:00

Коменданттык сааттын шарттарын эң көп Бишкек шаарында бузушууда

Коменданттык сааттын шарттарын эң көп Бишкек шаарында бузушууда

24-апрелге караган түнү коменданттык сааттын шартын бузган 106 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 88, Жалал-Абад шаары боюнча – 2, Ош шаары боюнча – 5, Нарын шаары – 1, Ат-Башы району боюнча – 5, Сузак району боюнча – 3, Кара-Суу району боюнча – 2. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.