11.12.2019 16:02

Коомдук транспорт менен иномарка сүзүштү

Коомдук транспорт менен иномарка сүзүштү

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө троллейбустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына мурунку вице-мэр Эркинбек Исаков жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандар жок. Жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, коомдук унаа менен кагылышканын Бишкек мэриясынан кабарлашты.

«Жүргүнчүлөрдүн доосу жок, баары аман-эсен», — дешет мэриядагылар.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, толугураак маалыматты кийинчерээк беришет.