24.05.2020 17:22

Коомдук транспортто жол кире "Тулпар" автоматтык системасы аркылуу гана төлөнөт

Коомдук транспортто жол кире "Тулпар" автоматтык системасы аркылуу гана төлөнөт

25-майдан тартып борбор калаанын тургундарын 110 троллейбус жана 112 автобус тейлешет. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, троллейбустар 11 каттам боюнча, автобустар да 11 каттам боюнча иштешет.

“№9 каттамдагы автобус жүрбөйт. Автобус, троллейбустардын саны акырындык менен көбөйтүлөт”, - деп маалымдалат.

Белгилей кетсек, коомдук транспортто жүрүүдө санитардык талаптарды бекем сактоо талап кылынат. Ар бир унаанын кире беришине санитайзерлер коюлат, айдоочулар жана жүргүнчүлөр беткап жана медициналык колкап кийүүгө милдеттүү.

Жүргүнчүлөр автоунаага салондогу отургучтардын санына жараша гана киргизилет. Орун алганда аралык сакталууга тийиш.

Эске салсак, мурдараак айдоочуларга тазалыкты сактоо боюнча эскертүү берилген. Күнүнө бир нече жолу автоунаанын ичи, эшиктердин туткалары, отургучтар жана башка кармагычтар дезинфекцияланат.

Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жол кире "Тулпар" автоматтык системасы аркылуу гана төлөнөт. Аталган система боюнча төлөм карталарын айдоочулардан сатып алууга болот.

Пенсионерлер үчүн жеңилдетилген төлөм карталарын сатуу 1-июндан тартып жандандырылат. Автобус, троллейбустарга жүргүнчүлөр алдыңкы эшиктен гана киргизилет.