24.05.2020 12:07

Коомдук траснпорттун айдоочуларына дагы бир ирээт эскертүү берилди. Тазалыкты катуу сакташ керек

Коомдук траснпорттун айдоочуларына дагы бир ирээт эскертүү берилди. Тазалыкты катуу сакташ керек

25-майдан тартып Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштайт, ал жерде санитардык талаптар сакталышы керек. Өкмөт коомдук транспорттун айдоочуларына дагы бир ирээт эскертүү берди.

“Линияга чыгуудан мурда транспорт каражаттары дезинфекцияланат. Бардык металл жана пластик беттердин тазаланышы шарт. Транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын саны менен чектелүүсү керек. Бардык жарандар милдетүү түрдө бепткап тагынышы зарыл”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле маалда Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев жарандарды майрам күндөрү үйдө болуп, социалдык аралыкта сактап жана эл көп чогулган жерге барбоого чакырды.

«Беткапты таза абада жүргөндө эмес, эл көп чогулган, жабык мекемелерде кийип жүрүү керек. Коомдо COVID-19 менен симптомдору билинбестен ооруп жаткан адамдар бар, мындан улам беткап кийүү зарыл. Андан сырткары, беткап тагынуу менен адам өзүн башка респиратордук вирустардан коргой алат», - Н.Усенбаев.