24.01.2020 16:20

Коопсуздук кеңешинин жыйыны: ишин оңгулуктуу аткарбаган өкмөттүн 30 аткаминери жазаланат

Коопсуздук кеңешинин жыйыны: ишин оңгулуктуу аткарбаган өкмөттүн 30 аткаминери жазаланат

Бүгүн, 24-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Күн тартибинде сот, көзөмөл, укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөш, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» концепциясы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана тоо-кен казуу секторундагы көйгөлөрдү чечүүгө багытталган маселелер коюлган. 

Жыйынтыгында Коопсуздук кеңешинин жыйынынын чечими менен 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүлөй болду.

Тиешелүү тапшырманы өкмөткө артышты.

Белгилей кетсек, Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев алар Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары кабыл алган чечимдерин аткарбаганын айтты. Ошондой эле мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү иштери жетишсиз деп табылып, тоо кен тармагындагы жумуштарга канааттандырарлык эмес деген баа берилди.

Бул себептүү Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго жана анын эки орун басарына катуу сөгүш берүү, ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алуу сунушталды.