28.04.2020 11:19

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат.  Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

"Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Учурда илдетке чалдыккандардын саны 708 кишиге жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 185 учур катталды.

Белгилей кетсек, азыркы тапта бейтапканаларда 284 оорулуу дарыланууда. Алардын ичинен реанимацияда 6 киши жатат.

Ошол эле маалда 416 бейтап коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.