27.04.2018 17:39

Корея депутаты Кыргызстанга келүү үчүн кыргыз тилин үйрөнүүдө

Корея депутаты Кыргызстанга келүү үчүн кыргыз тилин үйрөнүүдө

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов  Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу достук тобунун төрагасы Ли Джонг Бае менен жолукту.

Жолугушуу учурунда Кылычбек Султанов өлкөдөгү ички саясий абал жана парламенттик башкаруу формасы тууралуу айтып берди. Эки тарап Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы парламент аралык кызматташтыкты мындан ары бекемдөө, Кореяга Кыргызстандан барган эмгек  мигранттарынын санын көбөйтүү жана эки өлкө борборунун ортосунда  түз аба каттамдарын ачуу маселелерин талкуулашты.

Ли Джонг Бае Кыргызстан менен кызматташуу достук тобунун төрагасы  катары өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз салып турарын билдирди.

“Ошондой эле, депутат Кыргызстанга абдан кызыга турганын жана кыргыз тили боюнча окуу  китебин  атайын сатып алганын жан дили менен берилип айтып берди.  Ал алдыдагы Кыргызстанга боло турган сапарына чейин тилди белгилүү бир деңгээлде үйрөнүүнү максаттап жатыптыр. Ли Джонг Бае ошондой эле, кыргыз жана корей тилдеринин кээ бир грамматикалык эрежелери  жана сүйлөм түзүлүштөрү окшошуп кете турганын кошумчалады”, - деп билдиришет элчиликтен.