24.02.2020 17:31

Кореяда дайынсыз жоголгон кыргызстандык Орусиянын психиатриялык ооруканасынан табылды

Кореяда дайынсыз жоголгон кыргызстандык Орусиянын психиатриялык ооруканасынан табылды

Кыргызстанда туугандары издеп жаткан адам Россиянын психикалык жактан жабыркагандардын  ооруканасынан табылды. Бул тууралуу  КРдин Акыйкатчысынын аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда төрөлгөн Н.К. аттуу кишини жакындары издеп жатканы буга чейин социалдык тармактарда жазылган. Ал адам Россиянын жараны болгону айтылган. Жакындары анын Россиядан Кореяга иштегени кеткени тууралуу гана маалыматы болгонун айтып беришкен. Андан кийин  байланыш үзүлүп, кайда экени да белгисиз болуп жаткан.

«Акыйкатчынын өкүлү Россиянын укук коргоо органдары менен байланышканда, алар Н.К. Кореядан Владивостокко депортация кылынганын айтышкан. Жоголуп жаткан кишинин Приморск аймагындагы психиатрия ооруканасында экендиги аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Акыйкатчынын жардамчысы Бакыт Садиров Приморскиге барып, Кыргызстанда төрөлгөн адамдын ал-абалын билген. Садировго изделип жаткан адамдын абалы Кореядан эле начарлап, Владивостокко кантип келгенин билбей калганын маалымдашкан. 

Акыйкатчынын жардамчысы оорукананын дарыгеры менен бейтапты чыгарып кетүү тууралуу сүйлөшүп, аны Кыргызстанга туугандары коштоп кетерин айткан.

20-февралда Н.К. учак менен Ош шаарына жеткирилген.