01.10.2018 11:45

Кореяга көргөзмөгө жиберилген 2 кыргыз жараны кайтып келбей койгон

Кореяга көргөзмөгө жиберилген 2 кыргыз жараны кайтып келбей койгон

Кыргызстандан Түштүк Кореяга көргөзмөгө катышууга жөнөтүлгөн эки кыргызстандык миграциялык мыйзамды бузуп, Кореяда калып калды. Бул туурасында КРнын Кореядагы элчилигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, июнь айында Сеулда кореялык КОИМА уюму өткөргөн Import Goods Fair эл аралык көргөзмөсү өткөн. Ага Кыргызстандан бир нече компания катышкан, алардын арасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуштаган КРнын Курорттор ассоциациясы да бар болгон.

ТИМдин маалыматы боюнча, ассоциацияны Мирлан Усубалиевдин жетекчилиги алдында  Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков тааныштырыш керек болчу. Элчилик аларга виза алууда көмөк көрсөткөн. 

«Бирок, өкүнүчтүүчү, Рысалиев менен Мирбеков Кореяга баргандан кийин миграциялык мыйзамды бузуп, Кыргызстанга кайтып келген эмес. Мындай кадам кореялык бийлик өкүлдөрүндө КРнын мамлекеттик органдарына карата терс пикир жана ишенбөөчүлүк жаралышына негиз болот», — деп билдиришти элчиликтен. 

Мекеме ошондой эле, бул - Кыргызстандан барган мамлекеттик кызматкерлер Кореянын мыйзамдарын жана эрежелерин бузуп жаткан биринчи учур эмес экенин белгилейт. Элчилик мамлекеттик органдарды өлкөнү эл аралык иш-чараларда тааныта турган талапкерлерди тандоодо кылдат болууга чакырат.