16.03.2020 10:08

Корнавирус: Казакстанда илдетке чалдыккандар көбөйдү

Корнавирус: Казакстанда илдетке чалдыккандар көбөйдү

Казакстанда СОVID-19 вирусун жуктургандардын саны тогузга жетти. Алардын бири - жакында Германиядан келген 12 жаштагы кыз. Бул тууралуу 15-мартта коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.

Казакстанда коронавирус жуктурган биринчи бейтап 13-мартта катталган. Германиядан келген эки казак жаранынан (бир аял, бир эркек), ушул эле күнү Германиядан жана Италиядан учуп келген дагы эки адамдан COVID-19 вирусу табылган.

14-мартта Москвадан Алматы шаарына, Варшавадан Нур-Султан шаарына учуп келген дагы эки кишиден коронавирус чыккан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 14-марттагы маалыматы боюнча, дүйнөнүн 135 мамлекетинде коронавирусту жуктургандар 142 миңден ашты. Коронавирустан баш-аягы 5 миңден ашык киши көз жумду.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы аталган вирус 153 миңден ашык кишиге жукканын жана 5789 адам өлгөнүн көрсөтүп жатат.