Коронавирус: 10 адам сакайып чыкты

Коронавирус: 10 адам сакайып чыкты

Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы 10 адам айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифингде  билдирди.

“Оорукандан чыгарылгандардын бешөө Ош облусунда, калганы Жалал-Абад облусунда”-деди Каратаев.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын ичинен сакайып чыккандардын саны 54 адамга жетти.

Бүгүн, 12-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 377 кишиге жетти.  

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.