Коронавирус: 16 адам оор абалда жатат

Коронавирус: 16 адам оор абалда жатат

Өлкөдө коркунучтуу илдетке кабылгандардын арасында 16 бейтап оор абалда жатат. Алардын жарымы жандандыруу бөлүмүндө. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Стационарларда 360 бейтап дарыланып жатат, 300дөн ашык адамдын абалы канааттандырарлык жана орто оор деп бааланууда”,-деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталды. Коронавирусту жугузгандардын жалпы саны 568 кишиге жетти.  Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

  • Жалал-Абад облусу – 105
  • Ош облусу – 147
  • Ош ш. – 87
  • Чүй облусунда – 32
  • Бишкек ш. – 115
  • Баткен облусунда – 6
  • Нарын облусу – 68
  • Ысык-Көл облусунда – 8
  • Алардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.