Коронавирус: 2 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды

Коронавирус: 2 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды

Кыргызстанда коронавирус аныкталган 2 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратта, 3 адам кислород менен дем алууда.  Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди. Анын айтымында жалпы 5 бейтаптын абалы оор.

 Бүгүн, 5-апрелге карата өлкөдө дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, бейтаптардын жалпы саны 147 адамга жетти. Ал эми  2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.