Коронавирус: 5 медицина кызматкери илдетке кабылды

Коронавирус: 5 медицина кызматкери илдетке кабылды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 5 медициналык кызматкерлер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 280 учур катталды, алардын ичинен 231 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Учурда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 1433 кишиге жетти. Оорудан жалпы 992 адам айыгып кетти. 16 адам көз жумду.