17.03.2020 12:20

Коронавирус: 50 орундан ашкан бардык кафе-ресторандар убактылуу жабылууга тийиш

Коронавирус: 50 орундан ашкан бардык кафе-ресторандар убактылуу жабылууга тийиш

50 орундан ашкан бардык кафе-ресторандар убактылуу жабылууга тийиш. Тиешелүү билдирүүнү бүгүн, 17-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат жыйынында жасады.

Бул сымал чектөөлөр коронавирустун жайылышын алдан алуу максатында жүргүзүлүп жатканын өкмөт тушүндүрдү.

Өмүрбекованын айтымына караганда токтомго ылайык чектөөлөр тейлөөсү 50 орундан ашкан бардык коомдук жайларга тиешелүү жана бул талапты аткарбаган коомдук тамактандыруучу жайлардын кожоюнуна жана той же башка иш-чаралардын ээлери жазага тартылат.

“12-мартта өкмөт тарабынан токтом чыгарылган. Анда массалык иш-чараларды токтотуп туруу сунушталган. Азыр аны өзгөртүп сунуш эмес, тыюу салуу киргизилди. Соода борборлорундагы оюн-зоок аянтчалары, тамактануучу жайлар жана ресторандарда иш- чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Ошол тармакта иш кылган жарандар туура түшүнөт деп ойлойм”, - деди Өмүрбекова.

Буга чейин коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб мындай чечимди сунуш иретинде берген болчу.

Учурда Кыргызстанда коронавирус илдети каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат.