17.02.2020 09:00

Коронавирус: Адам өлүмү башка өлкөлөрдө дагы каттала баштады

Коронавирус: Адам өлүмү башка өлкөлөрдө дагы каттала баштады

Европада коронавирус киши өмүрүн алган биринчи учур катталды. Францияда илдетке чалдыккан кытайлык турист аял көз жумганы 15-февралда белгилүү болду.

Франциянын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 80 жаштагы аял коронавирустун очогу саналган Кытайдан 16-январдан келип, 25-январда карантинге алынган болчу.

Буга чейин Кытайдан сыртта коронавирустан үч адам жашоо менен кош айтышкан (Гонконг, Жапония, Филиппин).

Кытайдын өзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 60 миңден ашып, 1400гө жакын киши жашоо менен кош айтышты. Ошол эле кезде ооруну жугузган 5500 киши сакайып кеткени кабарланууда.