04.03.2020 08:37

Коронавирус: АКШда 9 киши көз жумду

Коронавирус: АКШда 9 киши көз жумду

Дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүн каптаган коронавирустан көз жумгандар токтой элек. Илдеттен Америкада акыркы күндөрү 9 киши каза тапты.

Эксперттер АКШнын бийлигин ооруга маани бербегени үчүн айыпташты.

3-март күнү АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн алдыңкы фармацевттери менен жолугуп, коронавируска каршы дары-дармек иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган.

Акыркы суткада вирустан Кытайда 33 киши каза тапты. Түштүк Кореяда 6, Италияда 27, Иранда 11, Францияда 1, Испанияда 1 киши жугуштуу оорудан набыт болду.

Кытайдын Ухань шаарында декабрь айында пайда болгон жугуштуу оорудан жалпы дүйнө жүзүндө 3100 ашуун адам көз жумду. 65тен ашуун өлкөдө ооруга чалдыккандар катталды.