09.03.2020 15:25

Коронавирус: АКШнын аймагында карантинге алынган дагы бир саякат кемесинде эки кыргыз жараны бар

Коронавирус: АКШнын аймагында карантинге алынган дагы бир саякат кемесинде эки кыргыз жараны бар

АКШнын Калифорния штатынын жээктеринде «Grand Princess» саякат кемеси коронавируска байланыштуу карантинге турат. Ал кемеде Кыргызстандын эки жараны бар. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий нотасына таянып, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандары «өздөрүн жакшы сезип жатышканын, экипаж мүчөлөрү үч маал тамак берип турарын, бардык жүргүнчүлөрдү каютада кармап турушканын» элчиликке айтышкан.

Белгилей кетсек,  мурдараак «Grand Princess» саякат кемесинде 21 кишиден коронавирус аныкталганы кабарланган.

Министрликтен белгилешкендей, элчилик кыргыз жарандары менен байланышка чыкканда алар өздөрүн жакшы сезип жатканын жана тамак үч маал берилип, бардык жүргүнчүлөрдү өз каюталарында кармап жатышкан билдиришкен.

Эске салсак, 3-февралда Жапонияда карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде дагы кыргызстандык бар экени белгилүү болгон.  Саламаттык сактоо министрлигинин 9-марттагы маалыматына караганда ал жаран Кыргызстанга кайтып келип, 14 күндүк обсервацияга жаткырылды, абалы туруктуу. Анализдери текшерилип жатат.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3100 адам каза болду, 58 миңдейи айыгып чыкты.