05.02.2020 11:08

Коронавирус: Аскар Салымбековдун талкууга түшкөн кайрымдуулугу

Коронавирус: Аскар Салымбековдун талкууга түшкөн кайрымдуулугу

Ишкер Аскар Салымбеков Кытайга жаңы коронавируска каршы жардам көрсөтөт. Ал 50 миң бет кап жөнөтүүгө даяр.

Ишкер Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып, көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

«Коңшу кытай элинин башына оор, кырдаал иш түшүп турганда, ар кандай туңгуюк ушактарга жол бербей, бүтүндүктү, достук мамилени көрсөтүү менен, сабырдуулукка чакырабыз», — дейт Аскар Салымбеков.

Эскерте кетсек, Кытайдын Ухань шаарынан тараган өпкөнү сезгентүүчү жаңы коронавирустан 492 адам каза болуп, 24 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алган. 3-февральда республикага 500 миң медициналык бет кап алып келинген.