06.02.2020 12:07

Коронавирус Баткенде катталдыбы? Министрликтин жообу

Коронавирус Баткенде катталдыбы? Министрликтин жообу

“Баткенде коронавирус жуктурду деген шек менен эки адам ооруканага жаткырылды” деген маалымат жалган. Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Эске салсак, күн мурун, 5-февралда жергиликтүү ЖМКларда Баткен облустук биргелешкен ооруканасына коронавируска шектелип, эки бейтап жаткырылды деген маалымат тараган.

Мекеменин басма сөз кызматы 6-февралда тараткан билдирүүгө караганда, бүгүнкү күндө коронавирус тастыкталган учур Кыргызстанда катталган жок, эпидемиологиялык абал туруктуу.

“Алар Кытайдан Тажикстан аркылуу келгендиктен санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери андан ары текшерүүгө алып кетишкен. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Вирусологиялык изилдөөгө анализдери алынды. Андан ары байкоо анализдердин жыйынтыгына жараша болот” деп билдирди министрлик.

Өпкөнү сезгентүүчү жаңы вирустун очогу Кытайдын Ухань шаары деп эсептелүүдө. Акыркы маалыматка караганда, коронавирустан 549 адам көз жумду.