Коронавирус: Баткендин үч айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Коронавирус: Баткендин үч айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирусун жуктурган алгачкы учур катталып, аймактагы үч айылга өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди”, - деп айтылат маалыматта.

Район акими Каланбек Маркаевдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети Кыргызстандагы 12 адамда аныкталды. Буга байланыштуу вирустун белгилери табылган адамдар жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Учурда дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 265 миңден ашык адам жугузуп алган. Алардын ичинен 11 миңден ашыгы каза болду. Ал эми 90 миң адам айыгып чыккан.