27.02.2020 14:24

Коронавирус: Белгилүү актер Жеки Чан илдетти жугузду деген шек менен ооруканага түштү

Коронавирус: Белгилүү актер Жеки Чан илдетти жугузду деген шек менен ооруканага түштү

Коронавируска каршы күрөшкө 1 миллион Юань бөлөм деген Жеки Чан карантинге түшүп калды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, учурда белгилүү актер коронавирусту жуктуруп алды деген шек менен ооруканага жаткарылды.

Алдан ала маалыматтарга таянсак, актер катышкан иш-чаранын бириндеги полиция кызматкеринен коронавирус аныкталган. Мындан улам Жеки Чан дагы текшерүүгө жаткырылган.

Бирок актер бул маалыматтар боюнча азырынча үн ката элек.

Эске салсак, мурдараак Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 1 миллион юань ($143 миң) төлөп берерин жарыялаган.