12.03.2020 10:11

Коронавирус: Белгилүү Голливуд жылдызы Том Хенкс жана анын жубайы илдетти жуктуруп алышты

Коронавирус: Белгилүү Голливуд жылдызы Том Хенкс жана анын жубайы илдетти жуктуруп алышты

Белгилүү Голливуд жылдызы Том Хэнкс өзү жана аялы короновирусту жуктуруп алганын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анын айтымында, жубайы экөө тапшырган тест вирус бар экендигин тастыктаган.

«Салам, достор. Азыр Рита экөөбүз Австралиядабыз. Биз чарчаңкы тартып, жөтөлүп, денелерибиз бир аз ооруп жатканын сездик. Рита улам чыйрыгып, калтырап жатты. Мындан улам тест ташырганыбызда, бизде коронавирус бар болуп чыкты», — деген Хэнкс Twitter баракчасы аркылуу.

Том Хэнкс кино сүйүүчүлөргө «Филадельфия», «Форрест Гамп», «Спасти рядового Райана», «Изгой», «Чудо на Гудзоне» . «Терминал» жана башка тасмалары менен таанымал. Ал мыкты ролдорду жараткандыгы үчүн «Оскар» кинопремиясына эки жолу татыктуу болгон.

Белгилей кетсек, ушул тушта бул оору дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө катталды. Илдетти жуктуруп алган адамдардын саны 120 миңден ашты. Коронавирус төрт миңдей адамдын өмүрүн алды.

11-мартта, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.