Коронавирус: Бир сутка ичинде 10 медицина кызматкери илдетке чалдыкты

Коронавирус: Бир сутка ичинде 10 медицина кызматкери илдетке чалдыкты

 

Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 157 учур катталды.

Жалал-Абад облусунда – 2

Ош облусунда – 1

Ош шаарында – 3

Нарын шаарында – 1

Бишкек шаарында – 3.

 

Бүгүн, 22-апрелге карата жаңы 22 учур катталып, коронавирус жуктуруп алгандар саны 612  адамга жеткен. Алардын арасынан 157 адам медицина кызматкерлери.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.