Коронавирус: Бир суткада 15 бейтап айыкты
![Коронавирус: Бир суткада 15 бейтап айыкты](/uploads/images/articles/20200421_korona_ayikti.jpg)
Кыргызстанда бир сутка ичинде жалпысынан 15 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкек ш. – 4
Нарын облусу – 1
Ош облусу – 4
Ош ш. – 6
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
21-апрелге карата жаңы 22 учур катталып, коронавирус жуктуруп алгандар саны 590 адамга жеткен. Алардын арасынан 140 адам медицина кызматкерлери. Оорудан жети адам көз жумган.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.
![Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады](/uploads/images/articles/20210830_20210830_10414458_794648083915.jpg)
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: