Коронавирус: Бир суткада 3 дарыгерге жуккан

Коронавирус: Бир суткада 3 дарыгерге жуккан

Бүгүн, 11-майга карата республика боюнча медицина кызматкерлери арасында СOVID-19 инфекциясынын жаңы 3 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт. Илдетке кабалган дарыгерлердин баары Бишкек шаарында катталган.

 Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 235 учур катталды, алардын ичинен 180 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүн 11-майга карата коронавирустун жаңы 14 учуру катталып, өлкө боюнча илдетке чалдыккандар 1016 кишиге жетти. Ал эми республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. 12 адам көз жумган эле.