21.02.2020 09:00

Коронавирус: Бир түндүн ичинде каза тапкандардын саны 118 адамга көбөйдү

Коронавирус: Бир түндүн ичинде каза тапкандардын саны 118 адамга көбөйдү

Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны 76 миң 440 адамды түздү. Алардын ичинен 12 миңге жакыны оор абалда. Бул тууралуу окмуштуулар иштеп чыккан онлайн картада көрсөтүлөт.

Акыркы суткада илдетке чалдыккан 722 киши аныкталды. 2 миң 247 адам көз жумду.

Бүгүн, 21-февралда Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы 18 264 киши оорудан айыкканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 2109 адам ооруканадан чыгарылды. Ушул эле аралыкта 889 адам вируска чалдыкканы аныкталды.