09.03.2020 14:40

Коронавирус Бишкекке жеттиби? Стамбулдан келген кыргыз жараны Бишкектеги ооруканага жаткырылды

Коронавирус Бишкекке жеттиби? Стамбулдан келген кыргыз жараны Бишкектеги ооруканага жаткырылды

Стамбулдан учуп келген кыргыз жаранынын дене табы көтөрүлүп, карантинге алынды. Бул тууралуу республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевге таянып 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.  

Маалыматка караганда, бейтап «Манас» аэропортунан ооруканага жеткирилген.

«Аэропорттогу медиктер текшерүү учурунда дене табы жогору экендигин байкашкан. Жалпы ахыбалы туруктуу. Вируска дагы анализ алынды. Түркия коронавирус жайылган өлкөлөрдүн катарына кирбейт, бирок ага карабай бейтап обсервацияга жаткырылды», - дейт Гүлжигит Аалиев. 

Белгилей кетсек, Япония, Корея, Иран жана Кытайдан келген жарандар Кыргызстанда сөзсүз түрдө карантинден өтүшөт. 

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3100 адам каза болду, 58 миңдейи айыгып чыкты.