Коронавирус: Бишкекте эртең коомдук транспорт токтотулат

Коронавирус: Бишкекте эртең коомдук транспорт токтотулат

Бишкекте 22-марттан тарта коомдук транспорт ишин токтотот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

«Бишкекте 22-марттан тарта коомдук транспорттун иши токтотулат. Туура түшүнүп, шаарга чыкпоону суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-мартта Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети Кыргызстандагы 12 адамда аныкталды. Буга байланыштуу вирустун белгилери табылган адамдар жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Учурда дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 265 миңден ашык адам жугузуп алган. Алардын ичинен 11 миңден ашыгы каза болду. Ал эми 90 миң адам айыгып чыккан.