Коронавирус: Бишкектеги ири соода түйүнү ЦУМ карантинге жабылды

Коронавирус: Бишкектеги ири соода түйүнү ЦУМ карантинге жабылды

Бүгүн, 18-мартта “Айчүрөк” соода борбору карантинге жабылды. Тиешелүү билдирүүнү аталган соода түйүнүнүн администрациясы негизги эшиктерине илип койгон.

18-мартта Баткен облусундагы базарлар дагы жапырт жабылды. Мурдараак Сауд Арабияга умрага барып келген дагы 8 жаран аталган облуста карантинге алынган. Алар Баткен облусунун тургундары. Алдын ала маалыматарга караганда, алардын абалы жакшы. Коронавирустун белгилери байкалган эмес.

Карантинге жайгаштырылгандар Сауд Арабия мамлекетинен бир авиакаттамда, Кыргызстанга учуп келишкени маалым болду.

Кичи ажылыкка барып келген кыргызстандыктардын ичинен Жалал-Абад облусунун 51, Ысык-Көл облусунан 15, Баткен облусунан 8 кишинин тек-жайы аныкталып, булардын ичинен 60 киши коронавируска текшериш үчүн облустардын аймактарындагы ооруканаларга жаткырылды. 

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустунан алынган расмий маалыматка караганда облус боюнча умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. Алар — 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген Сузак районунун тургундары. 

18-мартта Сузакта үч адамдан коронавирустун белгилери аныкталып, аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.