07.04.2020 09:00

Коронавирус: Британиянын премьер-министри кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Коронавирус: Британиянын премьер-министри кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы начарлап, интенсивдүү дарылоого которулганын Даунинг стрит — британ өкмөтүнүн кеңсеси билдирди.

“Премьер-министрдин абалы начарлап, аны караган медициналык топтун кеңеши менен ооруканадагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жонсон коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Өкмөт башчынын дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу «Ыйык Фома» госпиталына жаткырылган эле.

Ал «зарылчылык жаралса» ордунда иштеп турууну тышкы иштер министри Доминик Раабдан өтүнгөнү да кабарланды.

Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин Падышалыктын тышкы иштер министри, Лондондун мэри болгон.

Британия коронавирустан катуу жабыркап жаткан 10 өлкөнүн катарында. Ушул тапта COVID-19 илдетине чалдыккандар 52 миңге чамалады. Жаңы вирусту жуктургандардын 10% ашыгы көз жумду. 135 киши айыгып чыкты.