13.03.2020 14:10

Коронавирус: Чек арадан медициналык беткаптарды мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды

Коронавирус: Чек арадан медициналык беткаптарды мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды

Бүгүн, 13-мартта чек арадан медициналык беткаптарды ташып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде 33 жаштагы кыргызстандык 100 миңге жакын медициналык беткапты Казакстанга өткөрүп кетүүгө аракет кылган.

Ал медициналык товардын тийиштүү документи болгон эмес жана жүк ташуучу автоунаада жер-жемиштин арасында катылган. Кармалган товардын баасы 1 400 000 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, өкмөт токтому менен 2-февралдан баштап сыртка медициналык беткап ташып чыгууга алты айга тыюу салынган. Учурда бул фактыны тийиштүү укук коргоо органдары териштирип жатышат.