Коронавирус дагы 10 адамдан табылды. Алардын үчөө медицина кызматкери

Коронавирус дагы 10 адамдан табылды. Алардын үчөө медицина кызматкери

Бүгүн, 1-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 10 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

  • Бишкек ш. – 5
  • Ош облусу - 3
  • Баткен облусу – 1
  • Нарын облусу - 1

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 756 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:

  • Бишкек ш. – 2
  • Нарын облусунда – 1

Ал ортодо дагы 42 бейтап бир сутка ичинде илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылды.

  • Бишкек ш. – 8
  • Ош ш. – 10
  • Ош облусу - 9
  • Жалал-Абад облусу - 3
  • Нарын облусу - 11
  • Ысык-Көл – 1

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 504 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал күчүндө кала берет.